«Хизбут-Тахрир» экстремисттик уюмунун 5 мүчөсү кармалды

“Хизбут-Тахрир” экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан экстремисттик мүнөздөгү материалдарды таратып, ошондой эле Бишкекте жашыруун жыйындарды өткөрүп, жаңы мүчөлөрдү тартуу аракетин көргөн «Хизбут-Тахрир»  экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин 2-бөлүгүнүн (Экстремисттик ишти түзүү жана каржылоо) кылмыш белгилери боюнча Бишкек шаарынан «Хизбут-Тахрир» уюмунун 5 активдүү мүчөсү кармалды.

Кармалгандардын үйлөрүн тинтүү учурунда көп сандагы экстремисттик мүнөздөгү адабияттар жана тиешелүү материалдар сакталган электрондук маалымат каражаттары табылды.