Ички иштер министрлиги «Ихсан Групп ЛТД» кооперативинен жапа чеккендерди кайрылууга чакырды

ИИМдин Тергөө кызматы «Ихсан Групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай-курулуш кооперативинин башкармалыгына жана уюштуруучуларына козголгон кылмыш иштерин тергеп жатат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кооперативдин мүлкү жана банк эсептери камакка алынган. Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги кыраакы болууга, финансылык сабаттуулукту жогорулатууга жана оңой жана тез баюу убадаларына ишенбөөгө чакырат. Министрлик ошондой эле «Ихсан Групп ЛТД» кооперативинин ишмердүүлүгүнөн жапа чеккендердин бардыгын ИИМге кабар берүүгө чакырды. Зыян тарткандар министрликтин Тергөө кызматына кайрылышы шарт. Дарек: Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү, 469. Телефон номерлери: 0 312 26 64 05, 0 709 11 45 74, 102.