ID-паспортун кимдер акысыз ала алышат?

Май айынын башынан тартып Кыргызстандын жарандарынын ID-карта паспортторун акысыз берүү боюнча улуттук кампания башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул кампаниянын алкагында жалпысынан 67 арыз кабыл алынган.

Президенттин «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруунун алкагында кампания 2021-жылдын 31-августуна чейин уланат.

ID-паспортту акысыз, жоготулган учурларды кошпогондо, төмөнкү категориядагы адамдар алууга укуктуу:

— мамлекет тарабынан толук камсыздалган жана социалдык стационардык жатак мекемелеринде жашаган 16 жашка чейинки балдар;

— 18 жашка чейинки, эки ата-энеси тең каза болгон жетимдер (толук жетимдер);

— мамлекет тарабынан толук колдоого алынган жана социалдык стационардык мекемелерде жашаган бардык топтогу майыптар;

— мамлекеттик тарабынан камсыздалган жана социалдык стационардык мекемелерде жашаган 70 жаштан ашкан пенсионерлер;

— Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары (анын ичинде Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары, «Ленинградды коргогондугу үчүн» медалы менен сыйланган, концлагерлердин жашы жете элек туткундары) жана Баткен окуясынын катышуучулары.