II чейректен тартып мектептерди ачуу сунушталды

II чейректен тартып мектептерди ачуу сунушталды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев бүгүн өкмөттүн жыйынында айтты.

Министр тийиштүү сунушун республикалык штабга да жөнөткөнүн билдирди. “Окуучулардын тамак-ашына багытталган каражат Финансы министрлигинин эсебинде турат. Ошол акчага мектептерге дезинфекциялык каражат сатып алууну сурайбыз”, — деди министр.