Ийгилик! Кыргызстандын күрөш боюнча кыз-келиндер командасы Токиого учуп кетти

Кыргызстандын күрөш боюнча улуттук курама командасы Олимпиада өтүп жаткан Япониянын борбору Токиого учуп кетти. Бул тууралуу  Күрөш федерациясы билдирди.

Командага Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Медет кызы Айпери кирген. Башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жана башкы машыктыруучу Байгазы Кенжебаев алар менен кошо Токиого жөнөштү.

Эске салсак, кыз-келиндер арасындагы күрөш 1-августта башталат.