Кыргыз Республикасында майрамдык Айт намаз болуп, миңдеген адамдар намаз окууга чогулду. Коомдук тартипти жана коопсуздукту 12 миңден ашуун ички иштер органдарынын кызматкерлери камсыз кылышкан. Милициянын кошумча күчтөрү тартылып, жол кыймылын жөнгө салуу жана кайгуул күзөт күчөтүлгөн. Кабыл алынган чаралардын аркасында иш-чара эч кандай кырсыксыз, тынч өттү.
Ички иштер министри милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков жана анын орун басарлары өздүк курамдын кызмат өтөөсүнө, коомдук тартипти сактоону уюштурууга жана жер-жерлерде жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга жеке көзөмөл жүргүзүштү. Ички иштер министрлиги массалык иш-чараларды өткөрүүдө жарандардын коопсуздугун камсыз кылууну жогорку деңгээлде улантууда.