ИИМ: «Ак-Ордодо каза болгон жарандын жубайы кылмышка шектүүнү таанып-билди»

Ак-Ордодо каза болгон адамдын жубайы кылмышка шектүүнү таанып-билди. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Тергөө иш-аракеттеринин алкагында, 8-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына каза болгон адамдын 1992-жылы туулган жубайы кайрылып, кылмыштын жагдайларын жана хронологиясын тактоого жардам берген кеңири көрсөтмөлөрдү берип, кармалган шектүү жаранды тааныган.

Мындан тышкары, маркумдун жубайы жарандарга кайрылып, анын кайгысын түшүнүү менен кабыл алып, сабырдуулук жана урмат-сый көрсөтүүгө чакырган. Ошондой эле, социалдык тармактарда терс пикирлерди жана жалган маалыматтарды таратуудан алыс болууну суранган.