ИИМ: “Акыркы коӊгуроо” акыркы күн болуп калбасын

“Акыркы коӊгуроо” акыркы күн болуп калбасын. Мындай кайрылууну ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жарыялады.

«Урматтуу ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр! 25-май күнү “Акыркы коӊгуроо” салтанаттуу иш-чарасынан кийин майрамдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салынган. Айрыкча айдоочулук укугу берилбеген окуучулардын автоунаа айдоосуна, ошондой эле, жаратылыш койнунда же болбосо, башка эс алуучу жайларда өз алдынча белгилөөгө тыюу салынганын эскертебиз. Эгерде мындай учурлар аныкталса, уюштуруучуларга жана катышуучуларга карата тийиштүү чаралар колдонулат. Максатыбыз бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугуна көңүл буруу. Андыктан бүтүрүүчү балдарыңыздарга унаа каражатын бербестен, ошол күндөрү толук көзөмөлгө алүүңүздарды өтүнөбүз», — деп жазылат кайрылууда.