ИИМ: «Белгиси бар бет кап тагынган шайлоочулардын добуш сатып алууга, эч кандай партияга тиешеси жок»

«Белгиси бар бет кап тагынган шайлоочулардын добуш сатып алууга, эч кандай партияга тиешеси жок», — деп бүгүн, 11-апрелде маалымат жыйында Ички иштер министрлигинин өкүлү Султан Макилов билдирди.

«Жашыл жана белгиси бар бет каптарды текшеришти. Алардын добуш сатып алууга жана эч кандай партиясы тиешеси жок», — деди ал.

Буга чейин Ош шаарындагы шайлоо тилкелеринин бирине шайлоочулар белгиси бар бет кап тагынып келишкени маалымдалган. Бул ишти кошумча иликтөө үчүн ички иштер органдарына кат жөнөтүлгөнү айтылган.