ИИМ: Чек ара жаңжалы боюнча 11 кылмыш иши ачылды

ИИМдин Тергөө кызматынын аймактык бөлүмдөрү чек арага чектеш аймактарда катталган фактылар боюнча кылмыш ишин иликтөөнү баштады. Бул мыйзамсыз аракеттердин кесепетинен кыргыз тарап көптөгөн зыяндарга учураган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
2-майга карата маалымат боюнча ички иштер органдары кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылуушунун жүрүшүндө жасалган кылмыштар боюнча 11 материалды реестрге каттаган. Алардын ичинен 8 кылмыш ишин Баткен РИИБдин Тергөө кызматы, 3 кылмыш ишин Лейлек РИИБдин Тергөө кызматы иликтеп жатат.
Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине материалдар Жазык кодексинин 264-беренесинде (массалык башаламандык), 380-беренесинде ( тынчтыкка каршы кылмыш), 210-беренесинде (башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же талкалоо), 266-беренесинде (бейбаштык), 358-беренесинде (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү), 130-беренесинде (киши өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери, жолдордогу унааларды аткылоо, анын ичинде дагы элдердин арасында курман болгондор боюнча катталган.
Баткен облусундагы иликтене турган иштердин өтө көп экендигине байланыштуу жергиликтүү тергөөчүлөргө жардамга ИИМдин тергөө кызматынан 20 тажрыйбалуу кызматкер жөнөтүлдү. Учурда келтирилген чыгымдын эсеби такталууда. Иликтөө иштери жүрүп жатат.