ИИМ: «Жарандын бет кабындагы белгинин шайлоого тиешеси жок»

Буга чейин Бишкектеги №1117 шайлоо тилкесине бет кабында белгиси бар шайлоочу добуш бергени келгени тууралуу маалымат тарап, ИИМ тарабынан текшерүүгө алынары айтылган.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысы Султан Макиловдун айтымында, аталган маалымат боюнча ички иштер башкармалыгы текшерүү иштерин жүргүзгөн. “Окуя Октябрь районундагы №1117 шайлоо тилкесинде болгон. Анда бир аял жана эркек кишинин бет кабында белги болгон. Бирок ал добуш сатып алуу фактысына же башка шайлоо мыйзамын бузууга тиешеси жок”, — дейт Макилов.