ИИМ башчысынын орун басары курсактуу милиция кызматкерин уяткарды (видео)

Ош шаарынын борбордук аянтында 5-апрелде ички иштер органынын өздүк курамынын гарнизондук саптык кароосу өттү. Даярдыкты текшерүү айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо алдында өттү.

Саптык кароого ИИМ жетекчисинин орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков катышты. Ал Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Милициянын кайгуул күзөт кызматынын 6-ротасынын лейтенанты менен учурашкандан кийин лейтенанттын курсагын көрсөтүп, «ичти тартыш керек» деди.

«Ичти тартыш керек. Чуркаш керек, машыгыш керек. Эч кандай ич чыкпаш керек. Форманы кийип алып, анан ич чыккан болбойт», — деди министрдин орун басары.