Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Telegram аркылуу баңгизат сатууну чектөөгө аракет көрүүдө. Бул тууралуу ИИМдин орун басары Нурбек Абдиев бүгүн, 23-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
“Учурда баңгизат саткан соцтармактагы баракчаларды толук жаап койгонго мүмкүнчүлүк жок. Мыйзамды карап жатабыз, жол берсе сот аркылуу андай сайттарды жабууга мүмкүн болот”, — деди ички иштер министринин орун басары.
Мындан тышкары, министрдин орун басары Telegram мессенжеринин ээси Павел Дуров менен баңгизат саткан каналдарды жабуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.