ИИМдин башчысынын орун басары педофилдерге өлүм жазасын киргизүүгө болгон пикирин билдирди

Педофилдерге өлүм жазасын киргизүү боюнча депутаттардын сунушу боюнча ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев пикирин билдирди.

«Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын 9-сентябрдагы жыйынында ал 2022-жылдын жети айында балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы аракеттер боюнча 121 иш козголгонун, анын ичинен 39у «зордуктоо» беренеси боюнча экенин, 80 иш сотко өткөрүлгөнүн билдирди. 

Депутат Ырысбек Атажанов Аширходжаевден мындай адамдарга өлүм жазасын киргизүүгө кандай карай турганын сурады. «Педофилди адам деп айтуу кыйын. Бирок статистика көрсөткөндөй, өлүм жазасы каралган өлкөлөрдө мындай кылмыштардын деңгээли азайбайт. Өмүр бою эркинен ажыратуу жетиштүү деп эсептейм», — деди ИИМ жетекчисинин орун басары.