ИИМдин Ички аскер кызматкерлеринин айлык маянасы 40 пайызга жогорулатылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Министрлер кабинетинин токтомуна кол койду, ага ылайык, 1-октябрдан тарта Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин аскер кызматкерлеринин айлык маянасы 40 пайызга жогорулатылды.

Чечим социалдык кепилдиктерди камсыздоо, ошондой эле аскер кызматкерлерине кошумча стимул берүү максатында кабыл алынган.

2014-жылдын 12-мартында Ички аскерлер Ички иштер министрлигинин карамагынан Улуттук гвардияга өткөрүлүп берилген. 2018-жылы аскерлер кайра ИИМге өткөрүлгөн.