ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлеринин эмгек акысына 21 миң сомдон үстөк акы төлөнүп берилди

ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлеринин эмгек акысына үстөк акы төлөнүп берилди. Бул тууралуу аталган кызматтан маалымдашты.
Республикалык бюджеттен каржылануучу аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын акчалай үстөк пулдарынын жогорулагандыгына байланыштуу, ИИМдин Күзөт кызматы тарабынан күзөт кызматын көрсөтүү келишимдерди кайра түзүү боюнча иштер жүргүзүлүп, Күзөт кызматынын бардык кызматкерлерине декабрь айы үчүн айлык акыдан сырткары 21 миң сом өлчөмүндө толугу менен үстөк акы төлөндү. Ал эми 2022-жылдын октябрь жана ноябрь айларындагы үстөк акылары 2023-жылдын 1-чейрегинде төлөнүп берилет.

Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү, маанилүү, олуттуу жана башка объекттеринин коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле менчигинин формасына карабастан объекттерди жана мүлктөрдү келишимдин негизинде күзөткө алуу иштерин жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.