Иманалиев Токиодогу Олимпиаданын алкагында уюштурулган спорт министрлеринин жыйынына катышты (сүрөт)

Токио шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк XXXII Олимпиаданын алкагында уюштурулган Спорт министрлеринин жыйынына Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев катышты. Жыйынды Япониянын Маданият жана спорт министрлиги уюштурган. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, жыйынга Олимпиадага катышкан бардык өлкөлөрдүн Спорт министрлери чакырылган.  Жолугушууда Япониянын маданият жана спорт министри Хагиуда Коичи сөз сүйлөп, келген меймандарга ыраазычылыгын билдирген. Жыйын Япониянын маданиятын жана спортун чагылдырган көрсөтүү менен уланган.
«Министрлердин жыйынынан соң Кайрат Иманалиев Япониянын маданият жана спорт министри Хагиуда Коичи жана Токио Олимпиада жана Паралимпияда оюндары министри Марикава Тамауа менен жеке жолугушуп, Дүйнөлүк XXXII Oлимпиаданын Токиодо ийгиликтүү өтүп жаткандыгы менен куттуктады»,- деп айтылат маалыматта.
Тараптар Кыргызстан-Япония маданий жана спорттук кызматташуу маселелерин талкуулашкан.