«Империя пиццы» тамактануучу жайлары ишин жандантат

«Империя пиццы» тамактануучу жайлары кайрадан ишин баштады. Бул тууралуу журналисттерге Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жетекчиси Кубан Кундашев билдирди.

Анын айтымында, азырынча менюдан Япон ашканасы менен балыктан жасалган тамактарды алып салышкан. «Тармак биздин бардык тапшырмаларды аткарып, дезинфекциялоо иштерин жүргүздү, жаңы продукцияларды сатып алды. Алар бизге эч нерсе тоскоол болгон жок. Анализ сальмонеллезду тастыктады. Дүйшөмбү күнү дагы даяр продукциядан үлгүлөрдү алабыз»,- деди ал.

Ал мындан тышкары, ууланган продукциянын партиясы Кыргызстанга кандайча келип түшкөнүн аныктоо үчүн укук коргоо органдары иликтөө иштерин улантарын, жеткирүүчүнү издей турганын кошумчалады.

Буга чейин 23-октябрь жана 24-октябрда 12 адам, 25-октябрда баш-аягы 118 адам ооруканага түшкөнү, алар «Империя пиццы» тамактануучу жайдын роллдорун жешкенин айтышкан. 26-октябрда ооруканага кайрылгандардын саны 179га жеткен. Ал эми 27-октябрда ооруканага кайрылгандар 253 адамды түздү. 29-октябрда алардын саны 318 адамга жеткен. Аталган тамактануучу жайдын бардык түйүндөрү убактылуу жабылган.