Инаугурация күнү коомдук коопсуздукту 2 миңден ашык милиция кызматкери көзөмөлдөйт

Эртең, 28-январда Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү аземи учурунда 2500дөн ашык милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бишкек шаарындагы Манас, Чыңгыз Айтматов жана Чүй проспектилериндеги жол кыймылына чектөөлөр киргизилбейт. Кортеж өтүп бараткан убакта гана унаалар бир нече мүнөттөргө токтотулат. ИИМ айдоочулардан жолдо жүрүү эрежелерин бузбоого жана маданияттуу болууга, унааларын жолдун боюна токтотуп кетпөгө чакырат.

Садыр Жапаровдун ант берүү аземи Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.