Индияда коронавирустан каза болгондорду көчөдө өрттөп жатышат. Бишкектен Делиге учак учуп жатабы?

Индияда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти. Акыркы 24 саат ичинде аталган өлкөдө 360 миң 960 адамдан коронавирус аныкталган. Бул пандемия башталгандан берки жогорку көрсөткүч. Оору жуктургандардын жалпы саны 17 миллиондон ашты.

Индияда 1 миллиард 400 миллиондон ашуун калк жашайт. Март айынын аягында эле суткасына 70 миң адам илдетке чалдыгып жаткан, апрель айынын башталышы менен ооруну жуктуруп алгандардын саны кескин өсө баштаган. Аталган өлкөдө коронавирус жаңы мутацияга кабылганы маалым жана ал окумуштуулар тарабынан жетиштүү иликтене элек. Бирок оору жуктуруп алгандардын саны кескин өсүп кеткенинин себеби бул эле эмес деп жатышат. Жылдын башында сутка ичиндеги статистиканын көрсөткүчү ылдыйлап баштаганда калктын көпчүлүгү талаптарды аткарбай, бийлик массалык иш-чараларды өткөрүүгө да уруксат берип койгон. Индияда бейтапканаларда дээрлик орун жок. Өлкөнүн ири шаарларындагы ооруканаларга 80 пайызга жык толуп, реанимация бөлүмдөрүндө бош керебет калган эмес.

Ошол эле учурда Индияда мутацияга туш болгон коронавирустун жаңы түрү Кыргыстандан да аныкталган. Буга байланыштуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги «Кыргызстандан Индияга учактар учуп жатабы?» деген суроо менен «Манас» эл аралык аэропорту менен байланыштык.

«Жок, Кыргызстандан Делиге учак былтыркы жылдан бери учпай эле»,— дешти аэропорттон.