Индиянын элчиси Жогорку Кеңештин төрагасына кыргыз-хинди тилинин окшош сөздөрүн камтыган сөздүктү белекке берди

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Индиянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Арун Кумар Чаттерджини кабыл алды. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.
Шакиев Кыргызстан Индия мамлекети менен ар тараптуу алакаларды арттырууга кызыкдар экендигин айтып: “Быйыл эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 30 жыл толду. Бул жылдар аралыгында жетишилген келишимдерди иш ашырып, мындан ары да байланыштарды чыңдоо башкы максатыбыз. Айрыкча экономикалык багыттагы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, соода жүгүртүүнүн көлөмүн көтөрүү артыкчылыкка ээ. Анткени, 100 миллион доллардын тегерегинде гана болуп жаткан соода байланыштарыбызды эселеп жогорулатуу учур талабы”, – деди.
Парламенттик алакалар тууралуу да сөз кылган төрага Индия жана Борбор Азия мамлекеттеринин парламенттик форумун өткөрүү сунушун колдоорун белгилеп: “Кыргызстан үчүн Индиянын парламенттик демократия жаатындагы тажрыйбасы өтө маанилүү”, – деп кошумчалады.
Өз кезегинде элчи жылуу кабыл алгандыгы үчүн төрагага ыраазычылыгын айтып, Индия парламентинин төрагасы салам жолдогонун билдирди. Ошондой эле элчилик ишмердүүлүгүнүн алкагында жасай турган иштери тууралуу сөз кылып, инвестиция тартуу маселесине өзгөчө көңүл бурарын белгиледи. Мындан сырткары, Нурланбек Шакиевди Индияга расмий иш сапары менен барууга жана Борбор Азия мамлекеттеринин парламенттери менен өтүүчү форума катышып келүүгө чакырып, кыргыз-хинди тилинин окшош сөздөрүн камтыган сөздүктү белекке берди.