«Ира эжени араң көндүрдүк». Жеке ишкер каттама жасап саткан апанын Абу-Дабиге барып калышы тууралуу айтып берди

Кыргызстандык жеке ишкер Жодар Сайдилканов Ысык-Көлгө кетчү жолдо каттама жасап, саткан Ира Чоткараеванын Абу-Дабиге кантип барып калганы тууралуу айтып берди.

«Быйыл июнь айында Кыргызстанды таанытуу максатында БАЭдеги алдыңкы 25 ишкер кишиден турган ВИП делегацияны, алардын арасында абу-дабилик шейхтер да болгон меймандарды Кыргызстанга конокко чакырып келип, алар менен Ысык Көлгө бара жатып, “Апамдын чайы”, Ира эженин ашканасына токтоп, ал жерде каттама жедиргенче бул каттама сатылган аялдама-борборду түптөгөн ыраматылык Бурулкан апанын кызыктуу окуясын араб конокторго айтып берген элем. Каттама абдан жагып, андыктан кайтканда да токтоп, болушунча жегенбиз.

Кийин биз Абу-Дабиге конок болуп барганда, шейхтер дайыма ушул каттаманы сагынышканын айтып, эскеришкен эле. Ушул себептен Абу-Дабидеги 5 жылдыздуу Fairmount отелинин ээси, алдыңкы ишкер Мухаммед Аль Фахим мырза Ира эжеге ыраазычылык жана шейхтерге сюрприз ниетинде, Ира эжени үй-бүлөсү менен бирге, 2 аптага өзүнүн мейманканасына конокко чакырып, сыйлап, каттама жасатып, шейхтерге сюрприз кылган. Биз шашылыш түрдө буга чейин талыкпай эмгектенип, Кыргызстандан башка эч жакка чыкпаган, учакка түшпөгөн Ира эже жана үй-бүлөсүнө паспорт жасатып, БАЭге жөнөткөн элек. Ошондо да, эжени араң көндүрдүк.

Кыргызстандын туризмдеги эң чоң көйгөйү — таанылбагандыгы, өлкөнү таанытыш үчүн ушул сыяктуу абдан жөнөкөй, көптөгөн кишинин сезимдерин ойгото турган ыкмалар абдан таасирдүү жана жеткиликтүү болот. Бул жаңылыкты Казакстандан, Өзбекстандан, Орусиядан жана Эмираттан жүз миңдеген кишилер көрүп суктанып, кечээ күндөн бери менин баракчама абдан көп мактоолор түшүп жатат. Азыркы соцтармак доорунда, эски, кымбат жана кызыксыз ыкмалар менен эмес, ар бир киши өзү менен эмпати кура ала турган ушундай жөнөкөй, жеткиликтүү, позитив методдор менен өлкөбүздү таанытсак, алардын блогерлерин алып келсек, туризм бат өнүгөт.

Бул жаңылыктын ийгиликтүү болуусуна салым кошкон Адилет Ногойбаев жана Абу-Дабидеги Кыргызстан элчиси Абдулатиф Жумабаевге жана анын элчилик кызматкерлерине чоң ыраазычылык билдиргим келет. Себеби, бул делегациянын Кыргызстанга келишинде алардын да зор эмгеги бар. Кабарда Лира эже деп жаңылыш кетип калыптыр, эженин аты Ира, кызы Жаңылай. Мен учурдан пайдаланып, кар-кыш дебестен, жашына карабай мээнет кылып, жумуш ордун түзүп, салык төлөп келе жаткан бардык чакан жана орточо ишкерлерибизге ыраазычылык билдиргим келет, сиздер биздин экономикабыздын омурткасы жана тирегисиздер!» — деп жазды ал.