Ири алдамчылыкка айыпталган БШКнын мүчөсү жумушка чыкты

550 миң доллар пара алууга шектелген Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Акылбек Эшимов жумушка чыкты. Бүгүн, 1-февралда ал БШКнын жыйынына катышты.

Жергиликтүү ЖМКлар жазган маалыматка караганда, Эшимов буга чейин дагы эки жыйынга катышкан.

11-сентябрда БШКнын мүчөсүнө Башкы прокуратура тарабынан Жазык кодексинин 204-беренеси (Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосундар) боюнча шектүү катары кабарланган. Ал Биринчи Май райондук сотуна жеткирилген, сот кармалган жаранды тергөө учурунда УКМКнын тергөө абагына камаган. Январдын башында Бишкектин Биринчи май райондук соту Эшимовдун баш коргоо чарасын эч жакка чыкпоо шарты менен бошоткон. 26-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Эшимов 2021-жылдын декабрь айында жазган арызын кайра чакыртып алганы белгилүү болду.