Ирина Карамушкина экс-президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууга барды. Алар эмне жөнүндө сүйлөштү?

Депутат Ирина Карамушкина туулган күнүн утурлай экс-президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу үчүн абакка барды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү эртең, 17-сентябрь. Ал 65 жашка толот.

«Урматтуу достор! Баарыңыздардан мурунку мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин тагдырына жана абалына тынчсызданып жаткандардан, куттуктоолорду жана каалоолорду жеткирем. Белектер менен мен ага УКМКнын тергөө абагына бара жатам», — деп жазды ал.

Кийинчерээк ал экс-президент менен жолугуп чыкканын айтты. Анын айтымында, экс-президент бардыгына, керек болсо, душмандарына да ыраазычылыгын билдирген.