Исфана шаарынын аэропортуна мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылды. Кечээ аэропорттун жаңы аэровокзалынын ачылыш салтанаты болуп өттү.
«Бул аэропорт калкка 45 жылдан ашуун кызмат кылды. Реконструкциядан соң, ал элге дагы көптөгөн жылдар бою кызмат кылаарына ишенем», — деди аземге катышкан биринчи вице-премьер Артем Новиков.
2019-жылдын апрель айынан баштап Бишкек-Исфана-Бишкек каттамындагы үзгүлтүксүз каттамдар аэродромдун пайдалануу сертификатынын жаңыланбагандыгына байланыштуу токтотулган.
Жыл сайын республикада эки миллиондон ашуун адам авиациялык тейлөөдөн колдонот жана 22 миң тонна жүк ташылат.