Иш таштоо аяктады. Эртең айдоочулар каттамга чыгышат

Бишкекте беш күндүк иш таштоодон кийин кичи автобустардын айдоочулары ишин улантууну чечишти. Бул тууралуу журналисттерге жүргүнчү ташуучу компаниялардын бири билдирди.

Эртең, 6-июнда шаарда кичи автобустар каттай баштайт. Белгилүү болгондой, айдоочулар иш таштоону токтотуп, жол акыны көтөрүү маселеси чечилгенче күтүп турууну чечишкен. Мэрия бул маселени сентябрь айында Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары чечет деп убада кылган.

Жол кире акысы 10 сом бойдон калат.