«Ишене албай ыйлап жатабыз». Тоңдо оор жүк ташуучу унаа айдагандар тургунга үй белек кылышты (сүрөт, видео)

Ысык-Көлдө оор жүк ташуучу унаа айдагандар бел оорусу менен жабыркаган жарандын үй-бүлөсүнө ак өргөө белек кылышты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине үйдүн ээси Динара Байгазиева билдирди.

«Биз Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылынын тургундары болобуз. Жолдошум бала кезинен бери бел оорусу менен жабыркап келет. Батирде турат элек. Кудайдан күндө жер тилке алып, бир бөлмөлүү үй курууну кыялдандык эле. Анан эле күтүлбөгөн жерден Бишкек-Торугарт унаа жолундагы жүк ташуучу унаанын айдоочулары бизге ак өргөө белек кылышты. Азыркы убакка чейин эч ишене албай сүйүнгөнүбүздөн ыйлап да, күлүп да жатабыз»,- деди ал.

Ал ошондой эле айдоочулар эмне себептен ушул үй-бүлөгө үй белек кылып калышканын төмөндөгүдөй түшүндүрдү. «Биздин айылдан Догдурбек уулу Бекжан деген киши үй салып берүүнү суранып, интернетке чыккан. Бул жамаат аны интернеттен көрүп, барышат. Байкенин үйү ошол учурда бүтүп калган болот. Анан ал менден да муктаждарга жардам бериңиздер деп бизге келип калышкан»,- деди ал.

Үй-бүлө айдоочуларга ыраазычылык билдирди. «Урматтуу Бишкек-Торугарт каттамындагы жалпы айдоочу ата-агаларым, сиздерге Кудай эки дүйнө ыраазы болсун. Ден соолукта болуңуздар. Биздин үй-бүлөнүн жашоосун түп тамырынан бери өзгөртүп койдуңуздар»,- дешти.