«Ишеним актап, иштөөгө мезгил келди». Садыр Жапаров милиция кызматкерлерин куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда өлкөнүн ички иштер органдарынын кызматкерлерин Милиция кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү:

Мамлекетибизде туруктуулук орноп, өнүгүү жолуна түшкөнү жалпы эле укук коргоо органдарынын, анын ичинде ички иштер органдарынын кызматкерлерин социалдык жактан коргоо маселелерине жеткиликтүү көңүл бурууга өбөлгө түзүлдү. Ар тараптан колдоо көрсөтүү менен ички иштер түзүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо жагына олуттуу көңүл бурулууда. Эми элибиз “Менин милициям мени коргойт” деген накыл сөздү кармангандай кылып, ишенимин актап иштөөгө мезгил келди. Борбор шаарыбыздан баштап, өлкөбүздүн булуң-бурчунда жашап жаткан жарандарыбызга чейин азыркы учурда кылмыштуулук менен болуп жаткан аёосуз күрөштүн натыйжасы сезилиши керек. Ошондо гана биз элибиздин эртеңки күнгө, келечекке болгон ишенимин арттырабыз. Мамлекетибиздин, коомубуздун жана жарандарыбыздын коопсуз жашоосун, алардын мыйзамдуу укуктарынын корголушун камсыздай алабыз. Бул максатты ишке ашыруу сиздерден кажыбас кайратты, талыкпас эмгекти жана кесипкөйлүктү, ошондой эле ак иштөөнү талап кылат.

Кыргыз милициясы мезгил менен бирдей кадам таштап, өзгөрүп, жаңыланып жатканы журт арасында туура кабыл алынууда. Учурдун талабына ылайык, министрликтин бардык түзүмдөрүндө санариптештирүү жана башка заманбап технологиялардын колго алынышы кызматкерлердин арасындагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюп, элдин милицияга болгон ишеничин бекемдөөдө”.