Ишке берилиши кармалып жаткан канаттуулар фабрикасынын каржылык маселеси чечилди

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков Ысык-Көл облусуна барган иш сапарында Балыкчы шаарындагы «Агро Куш» канаттуулар фабрикасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Фабриканын ишке берилиши кармалып жаткандыгы тууралуу маалымат компаниянын жетекчилиги тарабынан Новиковдун өткөн аптада бизнес-коомчулук менен жолугушуусу учурунда айтылган.

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу белгилегендей, канаттуулар фабрикасынын иштеши ички рыноктун тоок этине болгон муктаждыктын 30 пайызын жабат, ошондой эле импорттолуучу канаттуулардын эти азаят.

Жолугушууда ушул жылдын 24-декабрынан баштап Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан каржылоону калыбына келтирүү боюнча маселе чечилди. Ишкананы 2021-жылдын 15-январында ишке киргизүү пландаштырылды, ал эми продукциялар сатыкка апрель айында чыгат. Ишкана жылына 4 миллион 600 миң бройлер-тоокту өндүрүүгө жана 12,5 миң тонна этти кайра иштетүүгө жөндөмдүү.