Исмаил Исаков Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн мүлкүн камакка алуу боюнча үн катты

Саясатчы Исмаил Исаков Башкы прокуратура Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш ишинин алкагында алардын мүлкүн камакка алуу боюнча маалыматтарды сураганы тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине комментарий берди.

«Бизге айып коюлганда биздин мүлктөр камакка алынары тууралуу маалымат берилген эмес. Мен муну капыстан эле билип калдым. Жогору жактагылар Бакиевдерди алып келгиси келип жатат да. Жакында эле Алексей Ширшов келди, апакай болду. Анан алар убагында бизди бир нерселерди ээлеп алган деп ойлоп жатышат да. Мен жөн гана күлүп койдум. Булар ушундай аракеттери менен мыйзамсыз иштерин ачыкка чыгарып жатат», — деди ал.

Буга чейин жергиликтүү ЖМКлар Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмүнө Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрүнүн мүлкү боюнча сурам жөнөткөнүн жазып чыгышты.