Италиядагы суу каптоо. ТИМ жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок экенин билдирди

Италиянын түндүгүндөгү суу ташкынынан улам 8 киши каза болуп, миңдеген адамдар эвакуацияланган.  Жыйырма төрт калктуу конушту суу каптаган. Министр аймактагы 50 миң адам электр жарыгысыз калганын кошумчалаган.

Ал эми Кыргызстандын ТИМи табигый кырсыктан жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок экенин билдирди. Ошондой эле элчилик Эмилия-Романья жашаган мекендештер менен байланышта экенин айтты.