Измирдеги зилзалага байланыштуу Жапаров Эрдоганга көңүл айтты

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоганга Измир аймагында жер титирөө менен цунамиден кийин адамдардын курмандыктары жана ири кыйроолорго байланыштуу көңүл айтты.

«Суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан жалпы түрк элине терең кайгыруу менен көңүл айтам. Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына аза кайгысын тең бөлүшөм, жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалайм», — деп белгиленет көңүл айтуу телеграммасында.

30-октябрда Түркиянын Измир шаарында 7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Соңку маалыматтар боюнча, 37 киши каза таап, 800дөн ашуун адам жаракат алган. Ондогон имараттар кулап, дале урандылардын астынан аман калгандарды издөө уланып жатат.