Жайыл районунда 31 жаштагы келин зордукталганын айтып, милицияга кайрылган. Бирок апасы арыз жазуудан баш тартты

иллюстрация

Жайыл районундагы зордуктоо фактысы менен катталган иш боюнча териштирүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жайыл РИИБге жергиликтүу жашоочу 31 жаштагы С.А. арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 8-апрель күнү белгисиз эркек киши күч колдонуп, аны зордуктагынын билдирген.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын биодиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 161-беренеси (зордуктоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында жабырлануучуга зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Териштирүү иштеринин журүшүндө арыздануучунун апасы 56 жаштагы С.Н. суралып, ал кызы тубаса экинчи топтогу майып экендигин айтып жана психиатордун каттоосунда турарын билдирген.

Белгилеп кетүүчү жагдай, арыздануучу С.А.ны сыртынан кароо учурунда анын денесинде эч кандай зордук-зомбулуктун белгилери байкалган эмес. Ал эми анын апасы экспертизалардын корутундулары даяр болгончо, арыз жазуудан баш тарткан. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.