Жайыл районунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасынын эки филиалы ачылды

Жайыл районунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасынын эки филиалы ачылды. Ачылыш саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда өтүп, ал өз сөзүндө жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүү максатында мамлекеттик дарыканаларды ачуунун зарылдыгын жана маанилүүлүгүн белгиледи.

Анын айтымында, жалпысынан өлкө боюнча 46 мамлекеттик дарыкана ачуу пландалууда, аларда сапаттуу дары-дармектер жарактуулук мөөнөтүн эске алуу менен сатылат, эң негизгиси, бүткүл Кыргызстан боюнча “Эл Аман” мамлекеттик дарыканаларында дары-дармектерге бирдиктүү баа базасы түзүлөт.