25-октябрда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери Жайылдагы аялдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барып, ал жердегилерге карата одоно мыйзам бузууларды аныкташкан.
Маалыматка караганда, №1 корпуста 72 адам көзөмөлдө болсо, аларга 64 эле керебет даярдалган. «Эки аял жерде жатууга аргасыз, дагы алтоо эмереги, шарты жок, бош бөлмөгө киргизилген. Ажаткана жок, анын ордуна чакалар коюлган», — деп айтылат маалыматта.
Кызматкерлердин айтымында, бул бөлмө психикалык жактан артта калган адамдарды убактылуу жайгаштыруу үчүн «изолятор» катары колдонулган. «Бөлмөдөгү температуранын төмөндүгүнө карабастан, аялдар кийим-кече жана бут кийимсиз жатышкан. Бул алардын абалын ого бетер курчуткан», — деп белгилейт басма сөз кызматы.
Документтер тиешелүү чара көрүү үчүн прокуратурага жөнөтүлдү.