Жактоочу: «26-сентябрга караган түнү Адахан Мадумаровдун жүрөгүнүн согуусу 4 жолу токтогон»

10-октябрда жактоочу Кубанычбек Туманов билдиргендей, саясатчы Адахан Мадумаров ооруп жатат. 

Анын айтымында, сентябрь айында Мадумаров 1995-жылдан бери көрүнүп келген атайын клиникада текшерүүдөн өткөн. Ага II типтеги кант диабети жана III стадиядагы гипертониялык криз диагнозу коюлган. Көрсөтүлгөн документтердин негизинде жана мындай диагноздор менен адамды камакта кармоого тыюу салынат.

«ЭКГдан кийин 26-сентябрга караган түнү жүрөгүнүн согуусу токтогонун билдик. Ал төрт жолу токтогон. Эгерде кардиостимулятор болбосо, кейиштүү болмок, бул үчүн СИЗОнун жетекчиси жоопкерчиликке тартылмак», — деди жактоочу.