«Жакында акыркы чечим чыгарабыз». Ташиев менен Ятимов Баткенде кол коюлган протокол боюнча түшүндүрмө берди

Кечээ, 2-октябрда Баткен шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги Биргелешкен жыйыны болуп өткөн.

«Жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселеси боюнча олуттуу пикир алмашуу болду. Делегациялардын жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын калган тилкелерде өтүшүн андан ары сыпаттоону активдештирүү зарылдыгы тууралуу толук түшүнүшүү менен жумушчу топторго тийиштүү тапшырмаларды беришти. Топографиялык жумушчу топтору жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топтору мамлекеттик чек аранын калган тилкелериндеги долбоордук линияны сыпаттоо боюнча ишин улантышат», — деп жазылган маалыматта.

Кол коюлган протокол боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат берип жатып, бул чек ара маселесин чечкенге жардам берерин билдирди.

«Бул протокол эки тарап менен макулдашылды. Бул бизге бардык чек ара маселесин чечкенге жардам берет. Кудай буюрса, жакында акыркы чечим чыгарабыз. Мен командаларга ыраазычылык билдирем. Биздин комиссия үзгүлтүксүз иштейт деген чечимге келдик. Бүгүнкү кол коюлган протокол чек арада тынчтык болоруна негиз берет», — деди Ташиев.