Жакында Бишкекке газ менен жүрүүчү 350 автобус келет

Бишкек шаарына июль айында газ менен жүрүүчү 350 автобус келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Русланбек Акылбеков маалымдады. Анын айтымында, Бишкек мэриясы “Эко жүргүнчүлөрдү ташуу” компаниясы менен келишим түзүп, документтерге кол коюлганын билдирди.

Бүгүн, 2-июнда борбор калаада маршруттук таксилердин иш таштоосу чоң көйгөйдү жаратып, Жогорку Кеңештин жыйынында дагы бул тема актуалдуу болду.