Жакында Мурас комплексиндеги батирлердин ачкычтарын президент Садыр Жапаров жарандарга тапшырат

Кечээ, 1-августта президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев борбор калаадагы Ынтымак жана Мурас турак жай комплекстериндеги курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты.

Ынтымак комплексинде салынып жаткан үйлөр премиум-класстагы, сапаты мурдагы ипотекалык үйлөргө салыштырмалуу кыйла жогору. Ар бир жыл сайын мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн сапаты жакшырып, заманбап стандарттарга ылайык курулууда. Учурда жеке компаниялар бул аймакта үйлөрдү котлован баскычынан эле 1 чарчы метри 2000 долларга чейин баада, болгону 3-5 жылдык мөөнөткө сата башташат. Ал эми президент Садыр Жапаровдун чечими менен мамлекеттик төлөм системасы аркылуу эл алгачкы төлөмсүз, дээрлик эки эсе арзан баада, 25 жылдык мөөнөткө жана эң төмөнкү пайыздык чен менен батир ала алышат. Бул карапайым эл үчүн чоң жардам болуп жатат.

Мындан тышкары, үйдүн баасынын 50 пайызын дароо төлөп, калганын 15 жылдык мөөнөткө бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү бар. Бул программага үйү жок жарандар гана катыша алышат. Каныбек Туманбаев белгилегендей, дал ушул төлөмдөрдүн эсебинен мамлекеттик ипотекалык компаниянын иши үзгүлтүксүз жүрүп, курулуш токтобойт. Натыйжада бардык жарандар үчүн батирлерди узак мөөнөткө, эң арзан шарттарда берүү мүмкүн болуп жатат. Башында Ынтымак комплекси 2026-2027-жылдары бүткөрүлөт деп пландалган, бирок куруучулардын тездик менен иштөөсүнүн аркасында алгачкы батирлерди жакында тапшыруу мүмкүнчүлүгү жаралууда.

Текшерүү учурунда Каныбек Туманбаев Мурас турак жай комплексине да барып, курулуштун жүрүшү менен таанышты. Бул жерде 24 кабаттуу үйлөрдүн бетон каркасы дээрлик толугу менен көтөрүлүп, кошумча паркинг куруу иштери да жүрүүдө. Жакынкы аралыкта Мурас комплексиндеги батирлердин ачкычтарын президент Садыр Жапаров жарандарга өз колу менен тапшырат. Президенттин Иш башкаруучусу белгилегендей, мамлекет жыл сайын ипотекалык турак жайдын сапатын жогорулатып, элге ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып келет.