«Жакында патент алабыз». Кыргызстанда колго трактор жасап чыгышты

Кыргызстанда колго көп функциялуу трактор жасап чыгышты. Бул тууралуу Дастан Абдрахманов жазып чыкты.

Ал трактор аткара ала турган көп тармактуу функцияларын да санап берди:
1) Чөп чапкыч (косилка). Трактордун алдынан чачпай ортого жыйнап чабат.
2) Суу насос уланат. Эки чакырым аралыкка басым менен суу жеткирет.
3) Генератор уланат. 15 киловатт ток чыгарып берет.
4) Дробилка уланат. Малга жем-кашек майдалап берсе болот. Отун жарып майдалап берет.
5) Почвофреза уланат. Айдалган жерди ундай жумшак кылып чаап берет.
6) Алдына грейдер уланат. Жер тегиздеп, кар күрөөгө болот.
7) Соко тартат. Жер оодарып айдоого даярдайт.
8) Чизиль окучник уланат. Жөөк алып даярдап берет.
9) Картошка копалка. Жердин астынан картошка элеп чыгып, капка салып берет.
10) Пресс подборщик уланат.

11) Тележка прицеп уланат. 1 тонна жүк тартат.

«Бул биздин биринчи долбоор. Кудай буюрса, массалык түрдө чыгарууга даяр. Жакында патент алганы арыз беребиз. Алдыда дагы 6 түрдүү атайын техника иштелип жатат», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле алар президентке кредит боюнча кайрылышты. «Президентибиз бул постту окуп калса, бизге 1 миллион доллар жеңилдетилген кредит эле алып берсе, башыбыз көккө жетет эле. Кредитти кайра мамлекетке төлөп, ыраазычылык иретинде, заводдун атынан кайра мамлекетке, курулуш, айыл чарба тармагында өкмөткө бир канча техникаларды белекке берет элек. Балким чоң бизнесмендер иштешели десе даярбыз», — дешти.