«Жакынкы беш жылда дагы бир диплом алып, кайтып келем». Орозайым Нарматова пландарын бөлүштү

«Жакынкы беш жылда дагы бир диплом алып, кайтып келем». Бул тууралуу диплом чуусунан улам депутаттык мандаты жокко чыгарылган Орозайым Нарматова соцтармактагы баракчасына жазып, пландарын да бөлүштү.

«Менин партиялашым, пикирлеш эжекебиз Айгүл Айдарова кезектеги депутат болуп катталды. Менин сотко берип, доолашпайт экенимдин бирден бир себеби да ушул эле. Анткени ал менден күчтүү, менден билимдүү, мамлекеттик кызматта иштеген, дасыккан адис. Мен келээрки беш жылда дагы бир дипломдуу болуп, араңыздарга кайтып келем.

Ал эми менин «соттошпойм» деген чечимимден улам, фракциянын аксакалдары кеңешип, Исхак Абсаматович баш болуп «баары бир мыйзамдуулук жогору турушу керек» деп тийиштүү комитетке кайрылуу жасашты. Мындан кийинки териштирүү иштери мыйзамдын алкагында жүрө берет. Мага «эми эмне менен алек болосуң?» деген суроолорду берип жатасыздар. Мен ден соолугумду чыңдап, саякатка чыгып, дүйнө кыдырып, дем алайын деп жатам. Жакындарымды жоготкондон бери моралдык жактан кыйналып кеттим, мага дем керек болууда, бирок буйруса ар дайым эфирде болом», — деп жазды Нарматова.