Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруунун алкагында 14-мартта Кувейт, Бахрейн жана Катардан төртүнчү атайын эвакуациялык авиарейс менен Кыргыз Республикасынын 142 жараны мекенине аман-эсен кайтарылды. Ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен дагы 24 жаран Стамбул аркылуу каттам менен мекенине кайтып келишти.
Буга чейин маалымдалгандай, Жакынкы Чыгыштын бир катар өлкөлөрүндө кырдаалдын курчушуна байланыштуу, ал жактарда болжол менен 22 миңдей Кыргыз жараны жүргөндүгүнө байланыштуу, мамлекет башчысы мекендештердин коопсуздугун камсыз кылуу жана аларды эвакуациялоо боюнча бардык зарыл чараларды көрүү тапшырмасын берген.
Аймактагы туруксуз кырдаал шартында министрлик тарабынан жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга, кырдаалдын өзгөрүшү тууралуу өз убагында маалымат берүүгө, ошондой эле аталган өлкөлөрдүн аймагынан алып чыгуу иштерин уюштурууга багытталган комплекстүү иштер жүргүзүлдү.
Жалпысынан министрлик тарабынан 5 атайын эвакуациялык авиакаттам уюштурулуп, алардын жардамы менен Эр-Рияд жана Дубай шаарларынан, ошондой эле Катар, Кувейт жана Бахрейн мамлекеттеринен Кыргызстандын 592 жараны мекенине кайтарылды. Репатриациялык иш-чаралар артыкчылык принциптерине ылайык, Жакынкы Чыгыш мамлекеттериндеги Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери менен тыгыз өз ара аракеттенүү аркылуу, ошондой эле кабыл алуучу өлкөлөрдүн компетенттүү органдарынын колдоосу менен жүргүзүлдү.
Тышкы иштер министрлиги эвакуациялык иш-чараларды уюштурууда көрсөтүлгөн көмөгү, конструктивдүү кызматташуусу жана колдоосу үчүн Бириккен Араб Эмираттарынын, Сауд Арабия Падышалыгынын, Оман Султанатынын, Кувейт Мамлекетинин, Бахрейн Падышалыгынын жана Катар Мамлекетинин компетенттүү органдарына ыраазычылык билдирет. Атайын эвакуациялык авиарейстерден тышкары, жарандардын кыйла бөлүгү мекенине кадимки авиакаттамдар аркылуу өз алдынча кайтуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланышты. Бүгүнкү күнгө карата Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринен Кыргызстанга өз алдынча кайтып келген жарандардын жалпы саны 3000ден ашты.
Ушуга байланыштуу министрлик Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин аймагында жүргөн жарандарды мүмкүн болушунча жакынкы убакытта жеткиликтүү каттамдар аркылуу мекенине кайтуу маселесин карап чыгууга, ошондой эле кырдаал толук турукташканга чейин бул багыттагы сапарлардан карманууга чакырат.