Жалал-Абад, Чүй, Нарын, Ысык-Көлдөгү айылдарда суу каптады (видео)

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат таратып, өлкөнүн айрым облустарындагы айылдарда жолдорду жана үйлөрдүн короолорун суу каптаганын билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагындагы Жаңы-Базар, Айгыр-Жал, Курулуш айылдарында жаап жаткан жамгырга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу колоттогу кар ээрип, арыктарга батпай, жолдорду жана үйлөрдүн короолорун каптаган.

Жерине ӨКМдин Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №81 ӨК-КБнөн 8 куткаруучу, №27 ЖТИден 1 жүктөгүч, Каныш-Кыя айылынан 1 экскаватор, Жарандык коргонуу кызматтарынан жана жергиликтүү туругундардан 53 адам тартылып, сел каналдарды тазалоо жана кооптуулук жараткан турак жайдагы сууларды сыртка чыгаруу жумуштары жүрүүдө”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр айыл аймагына караштуу Кайсар айылында кокту-колоттогу кар эрип, көпүрөгө батпай, жолду каптаган.

Жерине ӨКМдин Жайыл райондук №22 ӨКБдан 5 куткаруучу, 2 мотопомпа тартылган. кошумча кырдаалды жоюуга Суусамыр айыл аймагынан 1 трактор тартылган. Ошондой эле, Чүй районундагы Ибраимов айыл аймагынын Арпа-Тектир айылында суу жолдорду жана үйлөрдүн короолорун каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Ал эми саат 17:00 чамасында Нарын облусунун Ат-Башы районунун Баш-Кайынды айыл аймагындагы Талды-Суу айылында 1 үйдүн короо жайын суу каптап жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине ӨКМден 14 куткаруучу Ат-Башы райондук N20 ЖТИдан 1 грейдер, Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнөн 1 жүктөгүч, 1 экскаватор тартылган.

Куткаруучулар ыкчам түрдө турак үйдү каптап жаткан суунун нугун бурууга жетишип, учурда Талды-Суу айылынын түштүк тарабындагы коктудан топтолуп келүүчү суунун нугун буруу ишин жүргүзүүдө. Иш эртең да уланат”, — деп айтылат маалыматта.

Ысык-Көл облусунун Түп районунда абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу кар эрип, Карасаев айыл аймагынын Токтоян айылындагы каналдан суулар ашып, үйлөрдүн короолорун суу каптаган.

Жерине Түп райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 офицер тартылган. Ошондой эле, Түп районундагы Казакстан менен Кыргыз Республикасынын чектешкен жеринде абанын температурасынын жогорулашы менен жайык жердеги кар эрип, «Каркыра» көзөмөл пунктун каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жеринде Түп районунун администрациясы жана “Чайна-Роуд” жол тейлөө ишканасынын техникалары тиешелүү иш-чараны жүргүзүшүүдө.