Abank
SerepTV Logo

Жалал-Абад облустук милициясы айымдардын майрамын кандай белгилешти?

Жалал-Абад облустук милициясы айымдардын майрамын кандай белгилешти?
Жалал-Абад облустук милициясында айымдардын майрамы белгиленди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата бүгүн Жалал-Абад ОИИБдин айымдары сыйланышты. Аларга ИИМдин медаль, төш белги жана ардак грамоталары тапшырылды. Ошондой эле Жалал-Абад ОИИБдин алкыш жана куттуктоо баракчалары, ИИМдин Ички аскерлеринин 7704 аскер бөлүгүнүн юбилейлик медалдары ыйгарылды. Аялдардын эл аралык майрамы менен Жалал-Абад ОИИБдин начальниги Жеӊишбек Абитов куттуктап, бекем ден соолук каалады. Аялзаты үйдүн куту экендигин айтып, иштеринде ийгиликтер болуусуна тилектештигин билдирди. Ошону менен катар, айымдар үчүн сый тамак уюштурулуп, майрамдык иш-чара салтанаттуу түрдө белгиленди. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="167706,167707,167708,167709,167710"]