Жалал-Абад шаарында Нооруз майрамы белгиленди

Бүгүн, 21-мартта Жалал-Абад шаарында Нооруз майрамы белгиленди. Облустук Барпы театрында өткөн салтанатка өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев баштаган облустук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

«Ноорузду ата-бабаларыбыз байыртадан эле белгилеп келет. Анда алдыга жакшы ой-максаттарды тилеп, жаздагы айдап-себүү иштерин баштап, мол түшүм алууга аракеттенип келген. Бүгүнкү күндө да анын маңызы жана калыбы өзгөргөн жок. Майрам менен көп улуттуу облустун бардык тургундарын куттуктайм», — деди дубандын башчысы.
Саамалыкта концерттик программа тартууланды. Аны менен катар ар улуттун тамак-аш жана кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү менен коштолду.