«Жалал-Абад университетинде окучу». Өзбекстандык кыз Кыргызстанда дайынсыз болууда

3-май күнү Өзбек жараны 2003-жылы туулган Бахрамова Севинч Шерзод кызы Кыргыз Республикасынын аймагына кирип, бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Ал Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин 1-курсунда окуп Жалал-Абад шаарындагы батирлердин биринде жашачу. Учурда кыздын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 160-165 сантиметр, өңү кара тору, чачы, көзү, кашы кара, арык дене түзүлүштө, сол далысында сары-күрөң калы бар. Изделип жаткан кыз тууралуу маалымат билгендер болсо, 102; (03722) 5-28-31; 7-03-44;  (0224) 95-15-15, (0773) 00-08-02 номурларына кайрылсаңыз болот.