Жалал-Абадда 14 жаштагы Айбийке окуудан чыккан бойдон дайынсыз болууда

Жалал-Абад шаарынын тургуну 2010-жылы туулган Орозмаматова Айбийке Расуловна 26-февраль күнү саат 12:10 чамасында Спутник кичи районунда жайгашкан №9 Р.Санатбаев атындагы мектептен окуудан чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Учурда анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Өзгөчө белгилери: Бою 155-160 сантиметр, кашы, көзү, чачы кара узун, ак жүздүү, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: Кара түстөгү куртка, кара түстөгү юбка, кара түстөгү бут кийим болгон.

Номурлар: 102, (03722) 5-28-31, 0553 78 00 78, 0771 93 60 70.