Жалал-Абад облусунун 5 тургуну «Хизбут-Тахрир» экстремисттик идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кыргызстандагы диний-экстремисттик уюмдарга каршы күрөшүү боюнча профилактикалык иш-чаралардын алкагында «Хизбут-Тахрир» диний экстремистик уюмунун мүчөлөрүнөн баш тартуу боюнча иш-чаралар улантылууда.
Көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгында, Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун тургундары 1972, 1974, 1975, 1976 жана 1994-жылы туулган жарандар экстремисттик идеологиядан баш тартышкан.