Жалал-Абадда 5 күн мурда кар көчкүнүн алдында калган 4 кишини 53 куткаруучу издеп жатат

Жалал-Абадда 5 күн мурда кар көчкүнүн алдында калган 4 кишини издөөгө 53 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Түндүк-түштүк (Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолунун 326-чакырымынан 346-чакырымына чейинки аралыкта 25 жерден (8 чоң, 17 кичи) кар көчкү түшүп, “Чайна Роуд” ишканасынын 4 кызматкерин жана 5 бирдик атайын техникасын, 1 даана мобилдик үйдү кар көчкү басып калган. Такталган маалыматка ылайык, кар көчкү түшкөн аймакта 4 адам (1998-жылы, 1978-жылы, 1979-жылы жана 1987-жылы туулган) дайынсыз болууда.