Жалал-Абадда аял өз өмүрүн кыюу үчүн көп кабаттуу үйдүн чатырына чыккан

Жалал-Абад шаарында аял киши жанын кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя Кыргыз Республикасы көчөсүндө болгон. Көп кабаттуу турак үйдүн чатырына аял киши чыгып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Жерине 3 куткаруучу тартылып, аялды чатырдан түшүрүшүп, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.